Ссылки доступа

Казакстанда эмгек шартын жакшыртууну сураган «Бургылау» компаниясынын жумушчулары сот жообуна тартылды


Жаңы-Өзөндөгү «Бургылау» компаниясында мунайчылардын эмгек коопсуздугун сактоону, жумуш шартын жакшыртууну талап кылган нааразылык акциясы 14 күндөн бери уланып жатат. Жумушчулар алардын талабына эч ким көңүл бурбай жатканын айтышууда.

Мунайчылар эскирген техникаларды алмаштырып, «Бургылау» компаниясын «Өзөнмунайгаз» ишканасына кошууну сурашууда. Жумушчулар эски техника тез-тез бузулуп, айрым учурда ишчилердин өмүрүнө коркунуч жаратып жатканына тынчсызданышууда.

«Бургылау» компаниясынын жумушчусу Бауыржан Куанышевдин айтымында, иш берүүчү менен былтыртан берки бир нече жолугушуу натыйжа берген жок. Жетекчилик талапты орундатуунун ордуна иш таштоону мыйзамсыз деп таануу боюнча сотко кайрылган.

— Жумуш берүүчү бизди эки жолу сотко берди. Биринчисинде, талаптарыбызды видеокайрылуу иретинде таратканыбыз үчүн сотко кайрылды. Сот муну негизсиз деп артка кайтарды. Экинчисинде, иш таштоону мыйзамсыз деп таануу өтүнүчү менен арызданды. Сот ал арызды канааттандырды. Биз азыр жумуш аймагында турабыз, үйдө жаткан жокпуз. Эми жумуштан бошотобуз деп кысым көрсөткүсү келип жатат, — деди ал.

17-февралда Жаңы-Өзөн соту жети жумушчуну сот жообуна тартып, иш таштоону мыйзамсыз деп тааныган.

Буга чейин компания техниканы жаңылоо боюнча жылына каражат бөлүнүп турарын, «Бургылау» мекемесин «КазМунайГаз» компаниясына кошуу жагы каралбаганын кабарлаган.

«Бургылау» компаниясынын жумушчулары мурда да маянаны жогорулатуу жана эмгек шартын жакшыртуу талабы менен иш таштап келишкен.

«Бургылау» Маңгыстау облусундагы «Өзөнмунайгаз», «Маңгыстаумунайгаз» сяктуу ири мунай-газ өндүрүш компанияларына курулуш, капиталдык ремонт, скважиналарды консервациялоо жана жок кылуу жана транспорт кызматтарын көрсөтүп келет. Компанияда эки миңден ашуун киши иштейт.

XS
SM
MD
LG