Ссылки доступа

Чек ара: "Ак-Тилекте" 180дей жүк ташыган машине кезекте турат (видео)


Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетине караштуу Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" өткөрмө бекетинде ушул тушта 180дей жүк ташыган машине кезекте турганын билдирди. Маалыматка ылайык, 60тай машина жүккө байланыштуу тиешелүү документтерди күтүп жатат.

Чек ара кызматы жүк ташыган машинелер Казакстанга"Кең-Булуң" өткөрмө бекети аркылуу дагы өтсө болорун эскертти.

Жогорку Кеңеште соңку кездери кыргыз-казак чек арасынан жүк ташыган машинелердин өткөрүлбөй жатканына байланыштуу маселе бир канча жолу көтөрүлгөн. Кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү жагдай тууралуу тараптар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын, анын жыйынтыгы чыга электигин билдиришкен.

Эки өлкөнүн чек арасында жалпы жети өткөрмө бекети бар. Казакстандагы январь айындагы окуялардан кийин ал бекеттер ар кандай чектөөлөр менен иштеп жаткан.

Кыргызстанда жүргөн казак жарандары “Ак-Жол”, “Ак-Тилек”, “Каркыра”, өткөрмө жайлары аркылуу чыкса болот. Ал эми Казакстандын аймагындагы кыргызстандыктар Чүй облусундагы "Чалдыбар" жана Таластагы "Чоң-Капка" өткөрмө бекеттери аркылуу гана кире алышат.

XS
SM
MD
LG