Ссылки доступа

Өзбекстанда мамлекетке 8 млрд. сум зыян келтирген аткаминер 8 млн сум. айып пул төлөйт


Ташкенттин Чиланзар райондук соту Өзбекстандын кинематография агенттигинин башкы директору Фирдавс Абдухаликовдун иши боюнча өкүм чыгарды.

21-февралда кабыл алынган сот чечимине ылайык, Абдухаликов Административдик кодекстин "Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу мыйзамды бузуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 8 100 000 сум (750 доллар) өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирилди.

24-январда Өзбекстандын Коррупцияга каршы күрөшүү мекемеси Фирдавс Абдухаликов сериалдарды сатып алуу үчүн бөлүнгөн 8 миллиард сум өлчөмүндөгү мамлекеттик субсидияларды аялына, кызына жана баласына таандык компанияларга которгонун кабарлаган.

1-февралда ага административдик укук бузуу боюнча айып тагылып, иши Чиланзар райондук сотуна жөнөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG