Ссылки доступа

АКШ "ДЭР" жана "ЛЭР" деп аталган жикчил аймактарга санкция киргизди


АКШнын президенти Жо Байден Украинанын чыгышындагы "Луганск Элдик Республикасы" (ЛЭР) жана "Донецк Элдик Республикасы" (ДЭР) деп аталган жикчил аймактарга санкцияларды киргизди. Тиешелүү жарлык Ак үйдүн сайтына жарыяланды.

Документке ылайык, АКШ жарандарына "ДЭР" менен "ЛЭРдин" экономикасына инвестиция салууга болбойт. Мындан тышкары аталган аймактарга АКШдан товарлар менен технологияларды экспорттоого жана ал аймактардан импорттоого тыюу салынат. Ошондой эле президенттин жарлыгы "ДЭР" менен "ЛЭРдин" аймагында ишмердүүлүк жүргүзүүнү каалаган адамдарга санкция салууга мүмкүндүк берет.

"Аталган аймактарга байланышы бар адамдарды АКШдагы же кийин АКШнын аймагында пайда боло турган бардык мүлктөрү менен акциялары камакка алынат", — деп жазылган жарлыкта.

Мындан тышкары анда Украинанын аймагы болуп эсептелген "ДЭР" менен "ЛЭРдин" Орусия тараптан өз алдынча өлкө катары таанылышы Москванын Минск келишимдери боюнча милдеттенмелерине каршы келери жана Украинанын аймактык бүтүндүгүнө, эгемендигине жана андагы туруктулуук менен тынчтыкка коркунуч жаратары белгиленген.

БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги АКШнын туруктуу өкүлү Линда Томас-Гринфилд кеңештин чукул жыйынында Путин "Минск келишимдеринин тамтыгын чыгарганын" белгилеп, Москва Советтер Союзуна чейинки Орусия империясынын аймактарынын баарына доомат коерун билдиргенин айтты.

"Путин дүйнөнүн мурдагы заманга кайтышын каалап жатат. Бириккен Улуттар Уюму жок, дүйнөнү империялар башкарган заманды эңсеп жатат. Бирок дүйнө азыр алдыга кеткен. Азыр 1919-жыл эмес, 2022-жыл", — деди Томас-Гринфилд.

Ал Вашингтон 22-февралда "Орусияны эл аралык укукту одоно бузганы үчүн жоопкерчиликке тартуу" боюнча жаңы чараларды көрө турганын кошумчалады. Орусияга каршы санкцияларды киргизүү ниети тууралуу мындан тышкары Улуу Британия, Канада жана Европа биримдиги да билдирди.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйыны Орусия "ДЭР" менен "ЛЭРдин" эгемендигин тааныгандан кийин Украинанын, Франкциянын жана Европа биримдигинин демилгеси менен өткөрүлдү.

Франциянын өкүлү Орусия Украинада тынчтык орнотуу боюнча көптөгөн аракеттерди жокко чыгарганын айтып, бирок дале болсо дипломатиялык жол ачык экенин белгиледи. Буга чейин Франциянын президенти Эммануэль Макрон Орусиянын акыркы аракетин сынга алып, Москвага каршы "максаттуу европалык санкцияларды" киргизүүгө чакырган.

Кытайдын БУУдагы туруктуу өкүлү жаңжалдык бардык тараптарын сабырдуулукка жана диалогго чакырды. Ошол эле маалда ал Орусиянын "ДЭР" менен "ЛЭРдин" таанылышына карата расмий Бээжинден позициясы кандай экенин айткан жок.

Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя дүйнөлүк коомчулук "согушту болтурбоо жана Украинаны Донецк менен Луганскты аткылоону токтотууга жана чагымчылдык кылбоого мажбурлоого" көңүл бурушу керек экенин айтты.

"Биз мурдагыдай эле жаңжалды дипломатиялык жол менен чечүүгө ачыкпыз. Бирок Донбасста жаңы кан төгүүлөргө жол берүү ниетибиз жок", — деди ал.

Небензя Минск келишимдеринин бузулушунун негизги фактору катары Киев "ДЭР" жана "ЛЭР" менен түздөн-түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөн баш тартканын атады. Ал Орусия бул келишимдеги тараптардын бири эмес экенин, Москванын аталган аймактарды өз алдынча өлкө катары таанышы — макулдашуудагы тараптардын курамын өзгөртпөй турганын билдирди.

Украинанын өкүлү Сергей Кислица Киев сүйлөшүүлөргө даяр экенин айтып, Орусиядан "ДЭР" менен "ЛЭРди" таануу тууралуу жарлыкты жокко чыгарууну жана сүйлөшүүлөрдү баштоону талап кылды.

21-февралда Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын тегерегиндеги кырдаал боюнча видео кайрылуу жасап, бул өлкөнүн чыгышындагы жикчилдер "Донецк Элдик Республикасы" жана "Луганск Элдик Республикасы" деп атап алган эки аймакты көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялап, анын артынан эле атайын жарлыкка кол койгон. Андан кийин аларды түзгөн жикчил топтордун башчылары Денис Пушилин жана Леонид Пасечник менен келишимдерди кабыл алган.

Кремлдин соңку чечими Донбасста кырдаал курчуган маалда ишке ашты. Буга чейин Орусия Украинанын тегерегине 150 миңдей аскерин жыйнаган.

Орусиячыл жикчилдер 2014-жылдын апрель айында эки облустун аталышын "Донецк Элдик Республикасы" жана "Луганск Элдик Республикасы" деп жарыялашкан. Москва Украинага карата агрессияны жана жикчилдерди колдогонун төгүндөп келет. Донецк көмүр бассейни - Донбасста жайгашкан эки аймактын көз карандысыздыгын эч ким тааныган эмес.

XS
SM
MD
LG