Министр журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып: "Жок, бул мүмкүн эмес, себеби ЖККУнун уставы аскер жана тынчтык орнотуучу күчтөрдү колдонууну катуу чектейт. Алар ЖККУнун аймагында (Орусия, Армения, Казакстан, Кыргызстан, Беларус жана Тажикстан) гана пайдаланылат", - деди.
ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась буга чейин уюмдун контингентин Донбасска жайгаштыруу "болжолдуу түрдө мүмкүн" экенин айткан.
Казакстандын тышкы иштер министри өткөн аптада Орусия менен аскердик кызматташуу жөнүндө парламент ратификациялаган мыйзам долбоору боюнча да комментарий берди:
"Бул келишим аскердик-техникалык кызматташууну гана өзүнө камтыйт. Биринчи кезекте бул аскердик техника сатып алуу, биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүү".
21-февралда Орусиянын президенти Владимир Путин өздөрүн "Донецк Элдик Республикасы" жана "Луганск Элдик Республикасы" деп атап алган эки жикчил аймакты көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялап, атайын жарлыкка кол койгон. Бул аймактарды ушул тапта Орусиядан башка өлкөлөр Украинаныкы деп эсептейт.