Ссылки доступа

Казакстандын мурдагы коргоо министри эки айга камалды


22-февралда Казакстандын мурдагы коргоо министри Мурат Бектановдун бөгөт чарасы каралып, ал эки айга камакка алынды.

Экс-министр 20-февралда кармалган. Ал январь окуяларында кызматта туруп "эч кандай аракет кылган эмес" деп айыпталууда.

Бектанов коргоо министри кызматына 2021-жылы августта — Жамбыл облусундагы курал-жарак сакталган кампадагы адам өмүрүн алган жарылуудан кийин дайындалган. Быйыл 19-январда ал өлкө президенти Касым-Жомарт Токаевдин жарлыгы менен иштен алынган.

Казакстандагы нааразылык толкуну быйыл 2-январда Маңгыстау облусундагы жана Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингдер менен башталган. Кийин саясий өңүт алган акциялар Алматыда ири башаламандык менен коштолгон. Бийлик башаламандыктарды митингге чыккандар эмес, сырттан даярдык көрүп келген "террорчулар" уюштурганын билдирген. Бирок бүгүнкү күнгө чейин бул билдирүүнү ырастаган эч кандай далилдер көрсөтүлө элек.

Расмий маалыматтарга ылайык, январь окуялары учурунда 227 киши каза болгон. Бийлик укук коргоочулардын чакырыктарына карабастан, көз жумгандардын аты-жөнүн жана алардын кандай шартта өлгөнү тууралуу маалыматтарды жарыялабай келет.

Январь окуяларынан кийин миңдеген киши камакка алынган. Алардын көбү терроризм, жапырт башаламандык уюштуруу, курал-жарак уурдоо сыяктуу кылмыштарга шектелип жатканы кабарланган. Кармалгандардын көбү кыйноого кабылганына даттанышкан.

XS
SM
MD
LG