Ссылки доступа

Тажикстандагы ооган качкындары жергиликтүү эл менен аралашууга аракет кылууда (видео)


Афганские беженцы в Таджикистане пытаются интегрироваться, ожидая возможности уехать
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:18 0:00

Тажикстанда 12 миңден ашуун ооган качкыны жашайт. Алардын көбү батыш өлкөлөрүнө жер которууга үмүттөнүшкөн. Бирок тилектери орундала элек.

Азыр бул кишилер жергиликтүү эл менен аралашып жашоого аракет кылууда. Бул үчүн качкындар борбору аркылуу кесипке ээ болуп, тил үйрөнүү керек.

Тажикстанга эки баласы менен келген Судоба бул жерде калууну пландаган эмес, ал үчүнчү өлкөгө чыгып кетүүнү каалайт. Мындан улам качкындар борборундагы англис тили жана тигүү курсуна жазылган.

"Үй-бүлөлүк маселелерден улам күйөөм менен ажырашып, Тажикстанга качып келгем. БУУ мага эки балам менен Батышка жер которууга жардам берет деп үмүттөнүп жатам. Ал жерде алардын жаркын келечеги болот", – деди ал.

Үчүнчү өлкөгө чыгып кетүүнү пландаган 12 миңден ашуун ооган качкындарынын көбү Тажикстанга талибдер өлкөнү басып алганга чейин эле келишкен. Бирок батыш өлкөлөрүнө кетүү оңой эмес. Маселен, мамлекеттик программа менен Канадага жер которуу үчүн ал жерден мекендеш табуу керек. Алар жол кирени төлөөгө жана качкын үй-бүлөнү бир жыл камсыздоого кудуреттүү болууга тийиш. Мындай адамдарды табуу бир канча жылды талап кылууда. Бул аралыкта качкындарды окутуу борборлору кесип үйрөнүүгө гана эмес, чет тил үйрөнүүгө да мүмкүндүк берүүдө.

Мухаммадхасан Тажикстанга жубайы жана үч баласы менен эки жыл мурун келген. Ошондон бери англис тили курстарына барууда. Мухаммадхасан Европа өлкөлөрүнө, АКШ же Канадага кетүүнү каалайт. Тажикстанда ал келечегин көрө алган жок. Ар түрдүү курстардан өткөнү тууралуу сертификаттар да бул өлкөдө татыктуу жумуш табууга жардам бере албады.

Качкындар үчүн окуу борбору БУУнун көмөгү менен иштеп жатат. Алар бекер билим алууга гана мүмкүндүк бербестен, качкындардын бири-бири менен жолушушуп, баарлашуусуна да шарт түзүүдө.

XS
SM
MD
LG