Ссылки доступа

Тажикстанда май куюучу станциядагы жарылуудан жаракат алгандардын бирөө каза болду


Хатлон облусунун Кубодиён районунда жайгашкан май куюучу станциядагы жарылуудан жаракат алган адамдардын бирөө каза болду. Бул тууралуу "Озоди" радиосу аталган райондук акимчиликтеги өз булагына таянып кабарлады.

Маалыматка караганда, көз жумган адам 41 жаштагы Холиёр Нурматов аттуу жергиликтүү тургун.

21-январда Кубодиён районундагы "Ориё нефть" компаниясына таандык май куюучу станцияда жарылуу болуп, 14 киши, анын ичинде аялдар да жаракат алганы кабарланган. Алардын экөөнүн абалы "оор" деп бааланып жаткан.

Мындан тышкары жарылуудан 7 автоунаа зыянга учурап, 2 бодо мал өлгөн.

Азырынча тиешелүү мамлекеттик органдар жарылуунун себептерин аныктай элек.

2021-жылы июнда Хатлон облусунуна караштуу Балхи районундагы май куюучу станцияда өрт чыгып, 9 киши жабыркаган.

2017-жылы жайында аталган облустун Бохтар районундагы май куюучу жайлардын биринде жарылуу болуп, жыйынтыгында 35 жаштагы тургун көз жумуп, 20дан ашык киши жаракат алган.

Видео

Видео

Турист тартуу максатын көздөгөн шырдак фестивалы
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:03 0:00
XS
SM
MD
LG