Ссылки доступа

Германиянын депутаты Назарбаевдин үй-бүлөсүнө таандык 100 млн евролук мүлктү конфискациялоону өтүндү (видео)


Депутат в Германии призвал власти конфисковать недвижимость родственников Назарбаева
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:57 0:00

Германиядагы Баден-Вюртемберг аймагынын депутаты Йонас Вебер жергиликтүү бийликке кайрылып, Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин кызы Динарага жана күйөө баласы Тимур Кулибаевге таандык кымбат баалуу мүлктөрдү конфискациялоону өтүндү. Бул тууралуу DW басылмасы кабарлады.

"Баден-Вюртемберг аймагы автократтардын жана алардын мүлктөрүнүн баш калкалоочу жайы болуп калбашы үчүн сизди жана жергиликтүү өкмөттү колдон келген бардык чараларды, анын ичинде мүлктөрдү конфискациялоо сыяктуу чараларды да көрүүгө чакырам. Бул биздин Казакстандагы демократиялык күчтөрдүн алдындагы да милдетибиз", — деп жазылган аймактын премьер-министри Винфрид Кретчманга жолдонгон кайрылууда.

Буга чейин DW Кулибаевдер жана аларга тиешеси бар компаниялар Баден-Вюртемберг аймагынын Зеело шаарындагы 100 миллион еврого бааланган виллага, хансарайга жана эки мейманканага ээлик кылары тууралуу иликтөө жарыялаган.

Маалыматка караганда, 19-кылымда Зеелодогу хансарай белгилүү орус дипломаты, жашыруун кеңешчи Михаил Хрептовичтин жайкы резиденциясы болгон. Ал дээрлик он жыл бою реконструкцияланып, жыйынтыгында баасы 60 миллион еврого чейин жеткен.

Кулибаевдерге хансарайдан тышкары дагы үч кыймылсыз мүлк таандык – вилла жана эки мейманкана. Хансарайга ээлик кылган Schloss Seelach Invest GmbH компаниясы Verus Praedium International казак компаниясына таандык. Өз кезегинде ага Алматыдагы "Кипрос" компаниясы ээлик кылат. Ачык-айкындуулук реестриндеги тизмеге ылайык, Тимур Кулибаев Schloss Seelach Invest GmbH компаниясынын бенефициары болуп эсептелет.

Ал реестрге ылайык, Тимур жана Динара Кулибаевалар Казакстандагы Mercury Properties компаниясы аркылуу Германиядагы Bühlerhöhe Castle Invest GmbH компаниясына ээлик кылышат. Бул компанияга Германиядагы аталган эки мейманкана таандык болгон.

XS
SM
MD
LG