Ссылки доступа

Өзбекстанда эл аралык клиника ачылат


Ооруканалардын Apollo Hospitals of India эл аралык түйүнү Marathon Group менен биргеликте Өзбекстанда жогорку технологиялык тез жардам клиникасын ачат. Бул тууралуу The Times of India басылмасы кабарлады.

Маалыматка караганда, клиниканын долбоордук баасы 30 миллион долларга бааланууда. Ал алгач 100 орунга ылайыкташып, кийинчерээк 200 орунга чейин кеңейтилет.

Оорукана онкология, урология, нейрохирургия, кардиология, жогорку тактыктагы диагностика жана органдарды трансплантация кылууга адистешет. Ал Кыргызстандын, Казакстандын жана Тажикстандын жарандары үчүн да жеткиликтүү болушу үчүн Фергана облусуна курулат.

1983-жылы негизделген ооруканалардын Apollo түйүнү Индияда алгачкылардан болуп АКШдагы Эл аралык бириккен комиссиянын эл аралык аккредитациясын алган.

XS
SM
MD
LG