Ссылки доступа

Путин Украинадан Крымдын аннексиясын таанууну талап кылууда


Орусиянын президенти Владимир Путин Москва менен Киевдин ортосундагы жаңжалды "узак мөөнөткө" жөнгө салуу үчүн Украина Крымдын аннексиясын таанып, демилитаризацияланып (куралсызданып), НАТОго кирүү ниетинен баш тартышы керектигин билдирди.

Анын айтымында, Орусия "Донецк элдик республикасы" (ДЭР) жана "Луганск элдик республикасы" (ЛЭР) деп аталган жикчил аймактарды Донецк жана Луганск облустарынын Украинанын курамында турган кезиндеги чек аралары менен тааныды. Бүгүнкү күндө ал облустардын көпчүлүк аймагын жикчилдер эмес, украин бийлиги көзөмөлдөп турат.

"Биз бул республикаларды тааныдык. Демек, алардын бардык фундаменталдык документтерин, анын ичинде Конституциясын да тааныдык. Конституцияда болсо Донецк жана Луганск облустарынын Украинанын курамында турган кезиндеги чек аралары көрсөтүлгөн. Бул боюнча бардык талаштуу маселелер Украинанын жана аталган республикалардын бийликтеринин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө чечилет деп эсептейбиз", – деди Путин.

Орус президентинин айтымында, Москва "ДЭР" жана "ЛЭР" жикчил аймактарын тааныгандыктан, мындан ары Минск келишимдерин жок деп эсептесе болот.

22-февралда Орусиянын Федерациялар кеңеши Донбасстагы окуяларга байланыштуу Владимир Путинге орус армиясын чет өлкөлөрдө колдонууга уруксат берген.

21-февралда Путин Орусия "ДЭР" жана "ЛЭР" деп аталган жикчил аймактарды тааныганын жарыялап, аталган аймактарга орус аскерлери киргизиле турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG