Ссылки доступа

Өзбекстандык окумуштуулар коронавирустун алдын алуу үчүн атайын сүт даярдашты


Өзбекстандын Инновациялык өнүгүү министрлигинин окумуштуулары адамдарга арналган ZF-UZ-VAC2001 вакцинасы менен уйларды жана эчкилерди эмдеп, SARS-CoV-2ге карата антителасы бар сүт алышты.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, иликтөөчүлөр мындай сүттү колдонуу калкты жарым-жартылай болсо да коронавирустан сактайт деп үмүттөнүп турушат.

Сүттө антитела биринчи эмдөөдөн эки апта өткөн соң пайда болгон. Бул эксперимент антитела SARS-CoV-2 вирусун ийгиликтүү жок кыларын көрсөткөн – уйдун сары суусунда эффективдүүлүк 100%, сүттө 40% жеткен.

Окумуштуулар алгачкы сыноо ZF-UZ-VAC2001 вакцинасын иммунобиологиялык активдүү сүт жана сары суу алуу үчүн үй жандыктарына да колдонсо болорун көрсөткөнүн белгилешти.

Адистер сүттү кайра иштеткенден кийин да антитела сакталып каларын, андыктан көп өлчөмдө даярдоо мүмкүн экенин айтууда.

Иликтөөнүн концепциясы жана жыйынтыгы патент алуу үчүн Өзбекстандын Юстиция министрлигине караштуу Интеллектуалдык менчик агенттигине жөнөтүлдү.

XS
SM
MD
LG