Ссылки доступа

Өзбекстан жарандарынын камалышы боюнча Казакстанга нота жөнөттү


Өзбекстандын Нур-Султандагы элчилиги январь окуяларынан кийин өзбек жарандарынын камалганы боюнча Казакстандын Тышкы иштер министрлигине (ТИМ) нота жөнөттү. Бул тууралуу Өзбекстан ТИМинин атайын өкүлү Юсуп Кабулжанов билдирди.

Нотада Өзбекстандын кармалган жарандары, алардын жайгашкан жери жана жоопко тартылуу себептери тууралуу толук маалымат берүү өтүнүчү жазылган. Мындан тышкары өзбек тарап алар менен Өзбекстандын Казакстандагы дипломаттарын жолугуштурууну өтүндү.

"Өзбекстан Республикасынын Нур-Султандагы элчилиги жана Алматы менен Актау шаарындагы башкы консулдуктары Казакстандын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен тыгыз байланышта", – деп айтылган билдирүүдө.

Күн мурун Казакстандын Акыйкатчысы Эльвира Азимова башаламандыктардан кийин 18 чет өлкөлүк кармалганын, алардын арасында Өзбекстандын 14 жараны бар экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG