Маалыматка караганда, мындан тышкары талап кылына турган медициналык документтердин саны да азайтылды: 13 жашка чыга элек чет өлкөлүктөр үчүн маңзаттын же психотроптук заттын жоктугун текшере турган химиялык-токсикологиялык текшерүүдөн өтүү талабы алынып салынды. Ошондой эле жугуштуу оорулардын тизмесинен коронавирус чыгарылды.
Мекемеден чет өлкөлүктөр үчүн медициналык текшерүүдөн өтүүнүн жаңы тартиби 2022-жылдын 1-мартынан тарта күчүнө кире турганын белгилешти.
Орусиянын президенти Владимир Путин 2021-жылы июлда өлкө аймагына үч айдан узак убакытка кирип жаткан бардык чет өлкөлүктөрдү манжа изин тапшырууга жана кооптуу оорулардын жоктугун ырастаган медициналык маалымкаттарды көрсөтүүгө милдеттендирген мыйзамга кол койгон.
Чет өлкөлүк жаран бул документтерди Орусиянын аймагына киргенден кийин 90 күндүн ичинде, иштөөгө келген мигранттар 30 күндүн ичинде топтоп бүтүшү керек.
Буга чейин "Медиазона" басылмасы бул талаптардан улам Москванын четиндеги "Сахарово" миграциялык борборунда мигранттардын узун кезеги жаралганын кабарлаган.
"Залда терезелер, гардероб жок, адамдын деми кыстыгып кетет. Мында бир эле маалда жүздөгөн киши үстүңкү кийимдерин чечпестен жүрөт. Отургучтардын баары толгон, айрымдарында кичинекей балдар уктап жатса, чарчаган чоң кишилер полго отуруп алышкан", — деп жазган басылма.
Укук коргоочу Валентина Чупик "Медиазонага" берген маегинде милдеттүү медициналык текшерүүдөн өтүү жана дактилоскопия талаптары — бул бийликтин Орусияны четтен келгендерден коргоо жана мигранттарды көзөмөдөө боюнча иштер жүрүп жатканын көрсөтүү гана аракети экенин белгилеген. Ал мындай талаптар менен Орусия мыйзамсыз иштеген мигранттардын санын гана көбөйтөт деп эсептейт. "Анткени жумуш берүүчү мигранттарды бул процедуралардан өтүү үчүн дайыма эле узак убакытка кое бере албайт. Мындан улам алар бул талаптарды аткарбагандарды жумушка алууга өтүшөт", — деген укук коргоочу.
17-февралда Кыргызстандын Москвадагы элчилиги Орусиянын Тышкы иштер министрлигине нота жөнөтүп, жаңы миграциялык эрежелер алкагында текшерүүдөн өтүүдө ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандары үчүн өзүнчө коридор ачып берүү өтүнүчү менен кайрылган. 21-февралда орус тарап бул талапты аткарган.