Ссылки доступа

Бадахшандык активисттер тажик бийлигин "аймактын тынчын албоого" чакырууда


Хорог
Хорог

Тоолуу Бадахшандын Хорог шаарындагы бир нече кичи райондун тургундары Тажикстандын бийлигине жолдонгон кайрылууга кол топтоону улантып жатышат. Алар бийликтен шаарда атайын операция жүргүзүү планынан баш тартууну өтүнүүдө.

Бадахшандыктардын бул кайрылуусунун тексти "Озоди" радиосунун журналисттеринин колуна тийген. Анын аныктыгын кайрылууга кол койгон Хорогдун бир нече тургуну кабарчылар менен телефондо сүйлөшкөндө ырасташкан.

Кол топтоо — акыркы үч айдан бери бадахшандыктар социалдык түйүндөр аркылуу жүргүзүп келаткан кеңири маалыматтык өнөктүктүн бир гана бөлүгү.

Буга чейин соцтармактарга ондогон адамдын өз-өзүнчө же топтолуп алып Тажикстандын бийлигине жасаган видеокайрылуулары жарыяланган. Алар бийликти Тоолуу Бадахшан автоном облусунда "кан төгүүгө жол бербөөгө" жана "аймактын тынчын албоого" чакырышкан.

Мындай видеокайрылуулардын биринин автору, бадахшандык Шанбе Каландаров Орусияда жашайт. Ал бийлик тараптан анын кайрылуусуна эч кандай реакция болбогонун айтууда.

Ошол эле маалда расмий бийлик аймактагы "Бадахшан" телеканалы аркылуу автоном облуста абал туруктуу экенин билдирип келет.

Тоолуу Бадахшандагы кырдаал 2021-жылы ноябрдын аягында, күч түзүм кызматкерлеринин атайын операциясы маалында жергиликтүү тургун Гулбиддин Зиёбеков өлтүрүлгөндөн кийин башталган төрт күндүк митингдерден соң курчуп кеткен. Аскердик прокуратуранын өкүлдөрү ал окуялар боюнча тергөө иштери уланып жатканын билдирүүдө. Бирок жергиликтүү тургундар интернеттин жоктугунан улам маалыматтык блокадада калганына, бийликтин басымына, аймакта аскер кызматкерлеринин көбөйгөнүнө жана атайын операция жүргүзүү ыктымалдыгы жогорулаганына даттанып келишет. Бийлик мындай кайрылууларга жооп бербей, бадахшандыктардын лидерлеринин бири Мамадбокир Мамадбокировду кармоо боюнча атайын операция жүргүзүү планы бар экенин ырастабай да, төгүндөбөй да келет.

Тажикстандын чыгыш бөлүгүндө жайгашкан Тоолуу Бадахшан автоном облусу өлкөнүн аянты чоң (64 миң чарчы метрден ашык) аймактарынын бири болуп эсептелет. 2021-жылдын башындагы маалымат боюнча автоном облуста 250 миңге жакын киши жашайт. Аймак Ооганстан, Кытай жана Кыргызстан менен чектешет.

XS
SM
MD
LG