Ссылки доступа

Казакстанда атайын кызматтын дагы бир мурдагы орун басары камалды


Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Марат Осипов кармалып, камакка алынды. Сот анын бөгөт чарасын 23-февралда карап, чечим кабыл алганын аталган комитет кабарлады. Осиповго кандай айып тагылып жатканы белгисиз.

Осиповдон мурда Улуттук коопсуздук комитетин башчысынын дагы эки орун басары – Ануар Садыкулов менен Даулет Ергожин да камакка алынган. Атайын кызматтын мурдагы орун басары Карим Масимов да тергөө абагында. Алар январдын башындагы тополоңдон кийин эле кызматтан алынган.

Казак бийлиги жогорку кызматтагы аткаминерлерди бийликти күч менен басып алууга аракет кылган, мамлекеттик чыккынчылык жана ыйгарым укуктарынан аша чапкан деген айыптоодо. Иш жашыруун иликтенүүдө.

Бул арада Масимовдун дагы бир орун басары, экс-президент Нурсултан Назарбаевдин агасынын иниси Самат Абиш да кызматтан алынган. Бирок ага эч кандай айып тагылган эмес.

Осипов 1986-жылдан бери атайын кызматта иштеп келе жаткан жана төраганын орун басарлыгына 2016-жылы январда дайындалган.

Масимовдун жана анын үч орун басарынын кармалышы, бир орун басарынын иштен алынышы жана Нурсултан Назарбаевдин бир нече туугандарынын кызматтан кетиши мурдагы президент менен азыркы президент Касым-Жомарт Токаевдин ортосунда тиреш бар деген сөз чыгарган. Казакстандын батыш тарабында башталган нааразылыктар өлкөнүн башка аймактарына да жайылып, соңунда кан төгүүгө алып келген.

Видео

Видео

Турист тартуу максатын көздөгөн шырдак фестивалы
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:03 0:00
XS
SM
MD
LG