Ссылки доступа

Түркмөнстанда президенттикке талапкерлерди каттоо аяктады


Түркмөнстандын Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке тогуз талапкерди каттады, үч талапкерди саясий партиялар, алтоону беш күн мурун түзүлгөн демилгечил топтор көрсөттү.

Президенттин уулу жана өлкөнүн вице-премьери Сердар Бердымухамедов менен атаандаш боло турган талапкерлердин ысымы өлкөнүн саясий жашоосунда беймаалым. Жергиликтүү байкоочулар алар азыркы режимге лоялдуу экенин жана шайлоодо чыныгы атаандаштыкты көрсөтө алышпай турганын белгилешүүдө.

Түркмөнстандын мамлекеттик ЖМКлары президенттикке талапкерлерди каттоо ачык-айкын жүрүп жатканын, талапкерлер шайлоочулары менен жолугуп жүрүшкөнүн кабарлоодо.

Бул арада чет өлкөдөгү түркмөнстандыктар да шайлоого катышуу ниеттерин билдиришүүдө.

Алар президенттик кызматты атадан балага өткөрүү жараянын сындашып, альтернативдүү өлкө башчысын шайлоону талап кылышууда.

Баш мыйзам боюнча президентикке талапкер Түркмөнстанда кеминде 15 жыл жашоого тийиш. Ошондуктан чет өлкөлөрдө бозгунда жүргөн оппозиция лидерлеринин бири дагы шайлоого катыша албайт.

Түрмөнстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 12-мартта өтөт.

Мындан 15 жыл мурда Түркмөнстанда президенттик шайлоо өтүп, анда азыркы Гурбангулы Бердымухамедов дээрлик 90% добуш менен утканы жарыяланган. Ага чейин Түркмөнстанды маркум Сапармурад Ниязов көп жыл башкарган.

Что Бердымухамедов сделал за 15 лет правления и в каком состоянии он передает страну
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:41 0:00

XS
SM
MD
LG