Ссылки доступа

Өзбекстанда ревакцинациядан өтпөгөн кызматкерлер иштен четтетилет


Өзбекстанда эми жумушчуларын коронавируска каршы эмдөөдөн өткөрүү үчүн иш берүүчүлөр жооптуу болушат. Мындай чечимди өлкөнүн Республикалык атайын комиссиясы 23-февралда кабыл алды.

Ага ылайык, эми жумуш берүүчүлөр кызматкерлеринин коронавируска каршы вакцина алуусун жана ревакцинациядан өткөндөрдүн санын жалпы жумушчулардын 90% кем болбошун камсыз кылууга милдеттүү болушат.

Мамлекеттик мекеме-ишканалардын кызматкерлери коронавируска каршы эмдөөдөн өтпөсө жана вакцинанын бустердик дозасын сайдырбаса жумушунан четтетилет.

Жумушчу ревакцинациядан өтүүдөн баш тарткан учурда иш берүүчү аны иштен четтеткен-четтетпегенин Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы көзөмөлдөп турат.

XS
SM
MD
LG