Ссылки доступа

Зеленский дүйнө лидерлерин антипутиндик коалиция түзүүгө үндөдү


Украинанын президенти Владимир Зеленский дүйнө лидерлерин антипутиндик коалиция түзүүгө чакырды.

Зеленский "Твиттерде" АКШнын президенти Жо Байденге, Германиянын канцлери Олаф Шольцко, Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсонго жана башка батыш лидерлерине кайрылып, тезинен Путинди токтотууга үндөдү.

"Украинага жана дүйнөгө каршы Путиндин согушун тезинен токтотууга чакырам. Антипутиндик коалиция түзөбүз. Токтоосуз санкция киргизилип, Украинага коргонуу жана каржы колдоосу көрсөтүлүүгө тийиш. Аба мейкиндигин жабуу зарыл. Дүйнө Орусияны тынчтыкка мажбурлоосу керек", – деп жазды Зеленский.

Орусия Украинада аскердик операция баштаганда Жо Байден, Борис Жонсон жана НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг билдирүү жасады. Байден Украинага кол салууда жоопкерчилик бир гана Орусияда экенин айтты. Борис Жонсон Путин кан төгүү жана талкалоо жолун тандап алганын билдирип, Улуу Британия жана анын өнөктөштөрү олуттуу жооп кайтарарын убадалады. Столтенберг Орусияны акылга сыйбаган кол салууну токтотууга үндөдү.

Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо тууралуу чечим кабыл алганын билдирген. Ал украин жоокерлерин куралдарын тапшырып, үйлөрүнө кайтууга чакырган. Дал ошол маалда украин журналисттери Киев, Харьков, Одесса, Краматорск, Бердянск жана башка шаарларда жардыруулар башталып, ракета колдонулуп жатканын кабарлашты. Күбөлөр Донбасста ири ок атуу болгонун, Украинанын бардык аймактарында аскердик объектилер чабуулга кабылып жатканын билдиришүүдө.

Украина президенти Владимир Зеленский өлкө аймагына аскердик абал киргизди. Ал Орусия украин аскерлерине жана чек ара инфраструктураларына сокку урганын тастыктады.

XS
SM
MD
LG