Ссылки доступа

ТИМ кыргызстандык жарандарды Украинага барбай турууга чакырды


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Украинадагы соңку окуяларга байланыштуу кыргызстандык жарандарга кайрылып, бул өлкөгө барбай турууга чакырды.

Украинадагы кыргызстандыктар жергиликтүү мыйзамдарды сактап, жеке коопсуздугу үчүн керектүү чаралардын баарын көрүшү керектигин эскертти.

ТИМдин Консулдук кызматында жана Кыргызстандын Украинадагы элчилигинде тынымсыз ыкчам байланыш уюштурулганын кабарлады.

"Элчилик Украинанын аймагындагы кыргыз жарандары менен тыгыз байланышта, аларга тийиштүү түшүндүрмөлөр берилген жана берилүүдө. Дипломатиялык өкүлчүлүк штаттык тартипте иштеп жатат", деп айтылат маалыматта.

Мунун алдында Жогорку Кеңештин 24-февралдагы жыйынында депутат Айбек Маткеримов Украинада жүргөн кыргызстандыктар Киевдеги элчилик менен байланыша албай жатканын, өлкөдөн чыгып кетүүгө жардам сураганын айтып чыкты. Эл өкүлү буга байланыштуу мекендештердин кайрылуулары көбөйгөнүн билдирип, Министрлер кабинетин жагдайга көңүл буруп, чара көрүүгө чакырды.

Расмий маалыматка ылайык, Украинада жүргөн 680 кыргызстандык консулдук каттоодон өткөн. Бул өлкөдөгү кыргыз жарандарынын жалпы саны 1350дөн ашат. Соңку кырдаалдан улам сыртка убактылуу чыгып кеткендер дагы бар.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 24-февралда өлкөгө аскердик режим киргизилгенин жарыялады. Ал Орусияны өлкөнүн аскердик жана чек арадагы объектилерине чабуул жасаганы үчүн айыптады.

Ушул тушта Украинанын борбору Киев баштаган шаарларда, Краматорск, Харьков, Донецк жана башка облустарда, жана чек арадагы аймактарда жардыруу, аткылоо тууралуу маалыматтар тарап жатат.

Орусия Одессага аскерлерин киргизгени тууралуу кабар азырынча расмий ырастала элек.

Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо тууралуу чечим кабыл алганын билдирди. Ал украин жоокерлерин куралдарын тапшырып, үйлөрүнө кайтууга чакырды.

"Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 51-беренесине ылайык, Федералдык Кеңештин санкциясы менен мен атайын аскердик операция баштоо тууралуу чечим кабыл алдым. Биз Украинаны демилитаризация жана денацификация кылганга аракет кылабыз. Ошондой эле жайкын тургундарга, алардын ичинде Орусиянын жарандарына каршы бир топ кандуу кылмыштарды жасагандарды сот жообуна тартабыз", - деди Путин.

Мунун алдында Украинанын чыгышындагы жикчилдердин “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” түзүлүштөрүнүн башчылары аталган аймакка аскер киргизүү өтүнүчү менен Путинге кайрылышкан.

Федералдык Кеңеш 22-февралда орус президентине армияны өлкөнүн сыртында колдонууга уруксат берген.

21-февралда Путин Украинанын чыгышындагы жикчилдердин “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялаган. Алардын лидерлери менен кызматташуу келишимине кол койгон. Бул чечимди Мамдума 22-февралда ратификациялап берген.

Кремлдин соңку чечими Донбасста кырдаал курчуган маалда ишке ашты. Өз кезегинде Орусия Украинанын тегерегине 150 миңдей аскерин жыйнаган.

XS
SM
MD
LG