Ссылки доступа

Казакстан Сенатынын төрагасы: Орусия бизге жардам сурап кайрылган жок


Казакстан парламентинин Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев Орусия аскердик жардам сурап Нур-Султанга кайрылбаганын билдирди.

Бул тууралуу Ашимбаев “Орусия жардам сураса Казакстан аскерлерин Украинанын аймагына киргизеби?” деген журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

— Эки тараптуу форматтын алкагында Орусия бизге кайрылган жок. Менин оюмча кайрылбайт, — деди Сенаттын төрагасы.

Ал ошондой эле казакстандык тынчтык орнотуу күчтөрүн куралдуу кагылышуулар жүрүп жаткан аймакка жөнөтүү ыктымалдыгы тууралуу суроого да жооп берди.

“Уставга ылайык, Казакстан тынчтык орнотуу күчтөрүн ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн сыртына БУУнун мандаты боюнча гана жөнөтө алат. ЖККУнун тынчтык орнотуу күчтөрүн ага мүчө өлкөлөрдүн аймагына гана киргизүүгө болот. Азыр согуш жүрүп жаткан аймак ЖККУга мүчө өлкөнүн аймагы эмес”, — деди Ашимбаев.

Сенаттын төрагасы Казакстан Украинанын айланасындагы кырдаалдын дипломатиялык жок менен чечилишине кызыкдар экенин кошумчалады. “Сүйлөшүүлөр бардык тараптардын кызыкчылыгын эске алуу менен жүрүшү керек. Аны БУУ уставынын базасында өткөрүү кыйла натыйжалуу болот", - деди Ашимбаев.

Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо тууралуу чечим кабыл алганын жарыялаган. Анын бул билдирүүсүнөн кийин эле Украинанын борбору Киев баштаган шаарларда, Краматорск, Харьков, Донецк жана башка облустарда жана чек арадагы аймактарда жардыруу, аткылоо башталганы тууралуу маалыматтар тараган.

Күн мурун Украинанын чыгышындагы "Донецк Элдик Республикасы" жана "Луганск Элдик Республикасы" деп аталган жикчил аймактардын башчылары аталган аймакка аскер киргизүү өтүнүчү менен Путинге кайрылганы белгилүү болгон.

Орусиянын аскердик операциясы башталгандан кийин Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөгө аскердик режим киргизилгенин жарыялады.

XS
SM
MD
LG