"Украинанын аймагында кандайдыр бир көйгөй жаралса, биздин жарандар Тажикстандын Украинадагы элчилигинин ыкчам линиясына +380933361040 номери менен байланышса болот", - деп айтылат билдирүүдө.
Украинанын президенти Владимир Зеленский 24-февралда өлкөгө аскердик режим киргизилгенин жарыялады. Ал Орусияны өлкөнүн аскердик жана чек арадагы объектилерине чабуул жасаганы үчүн айыптады.
Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо тууралуу чечим кабыл алганын билдирген. Ал украин жоокерлерин куралдарын тапшырып, үйлөрүнө кайтууга чакырды.