Ссылки доступа

Алматыда Украинаны колдоп акцияга чыккандар кармалды (видео)


24-февралда Казакстандын Алматы шаарында Орусиянын Украинага кол салуусуна нааразылык билдирип чыккан ондогон адам кармалды.

Орусиянын Алматыдагы консулдугунун алдына топтолгон адамдар колдоруна Украинанын желектерин кармап, "Украинадан колуңду тарт!", "Украинага даңк!", "Баатырларга даңк!", "Украина эгемен өлкө!" деген ураандарды кыйкырышты.

— Биз согушка, Орусиянын эгемен өлкөгө кол салганына каршы чыгып жатабыз. Биз Украинага тилектештик билдиребиз. Казакстанда Украинаны колдогондор бар экенин айткыбыз келет, — деди жарандык активист Дархан Шарипов.

— Болуп жаткан окуялардын бизге да тиешеси бар. Украинадан кийин кайсы өлкө болорун ким билет, — деди акциянын Анар Искендирова аттуу катышуучусу.

— Орусия, анын ичинде президент Владимир Путин жеке өзү жасап жаткан агрессияга каршы нааразылыгымды билдирүү үчүн келдим. Казакстандагы жана Орусиядагы ар бир орус Москванын эгемен өлкөгө карата жасап жаткан агрессиясына нааразы экенин айтышы керек, — деди өзүн Олег Архиппин деп тааныштырган дагы бир акция катышуучусу.

40 мүнөттөн кийин акцияга көз салып турган полиция кызматкерлери чогулган жарандарды кармап кетишти. Онго жакын киши Бостандык райондук полиция бөлүмүнө жеткирилгени кабарланды.

Акцияга чыккандарды кармоо учуру тартылган видеону саясат таануучу Димаш Альжанов "Фейсбук" социалдык түйүнүндөгү баракчасына жарыялады.

Көп өтпөй "Oyan, Qazaqstan" кыймылы "согушка каршы акцияга" катышканы үчүн кармалган активисттердин тизмесин жарыялады: Дархан Шарипов, Марсель Шашаев, Бейбарыс Толымбеков, Марат Тлеубеков, Бота Шарипжан, Наргиза Тайшибекова, Эйри Асиева, Вика Ковальчук, Олеся Котова, Камила Зайнутдинова.

XS
SM
MD
LG