Ссылки доступа

Украина 40тан ашуун жоокерин жоготконун кабарлады


Мариуполь, 24 февраль 2022-жыл
Мариуполь, 24 февраль 2022-жыл

Орусиянын ракеталык чабуулдарынан улам Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн 40тан ашуун кызматкери каза болуп, ондогон жоокер жаракат алды. Бул тууралуу Украинанын президентинин кеңешчиси Алексей Арестович 24-февралда атайын брифингде кабарлады.

Украин бийлиги аларда жарандык адамдардын арасынан 10 адам мерт болгону боюнча маалымат бар экенин кабарлоодо.

Буга чейин "Медиазона" басылмасы Одесса облусунда аскердик бөлүктү бомбалоодон улам алты адам, Мариуполдогу ок атуудан бир киши, Херсондо үч чек арачы жана Уманда бир киши каза болгонун билдирген. Мындан тышкары Харьковдо көп кабаттуу үйгө тийген артиллериялык аткылоодон жаш баланын өмүрү кыйылганы кабарланган. Жаракат алган жайкын тургундар ондоп саналат.

Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо тууралуу чечим кабыл алганын билдирген. Ал украин жоокерлерин куралдарын тапшырып, үйлөрүнө кайтууга чакырган. Таңкы саат бештерде орус аскерлери Украинага чабуул баштаган.

Украинанын президенти Владимир Зеленский бул аракетти өлкөгө ачылган согуш деп атап, Орусиянын Украинага кол салуусуна байланыштуу дүйнөлүк лидерлерди Путинге каршы коалиция түзүүгө чакырган.

Украинанын борбору Киев баштаган шаарларда, Краматорск, Харьков, Донецк жана башка облустарда, чек арадагы аймактарда жардыруу, аткылоо болгону тууралуу маалыматтар тарап жатат. Украинанын Ички иштер министрлиги аскердик башкармалыктарга, аэродромдорго, аскердик кампаларга жана чек ара пункттарына ракета атылып, ок тийгенин ырастады.

XS
SM
MD
LG