Ссылки доступа

"Совкомбанк" Өзбекстандын "Узагроэкспортбанкын" сатып алды


Орусиянын "Совкомбанк" коммерциялык банкы 4 миллион долларга Өзбекстандагы "УзАгроэкспортбанктын" акцияларынын 100% сатып алды.

Расмий маалыматтарга ылайык, "УзАгроэкспортбанктын" мамлекеттик акцияларын сатып алууга төрт талапкер болгон. Бирок Өзбекстандын Мамлекеттик активдерди башкаруу боюнча агенттиги алардын аталышын ачыктаган жок.

Ачык маалыматтар боюнча "Совкомбанк" Орусиядагы эң ири он банктын катарына кирет. 2021-жылдын 30-сентябрына карата анын активдери 1,9 триллион рублди, капиталы 224 миллиард рублди түзгөн. Банктын жалпы Орусия боюнча 2 300 бөлүмүндө 23 миң кызматкер иштеп, 12 миллионго жакын кардарды тейлешет.

2017-жылы негизделген "Узагроэкспортбанктын" активдери 2021-жылдын аягына карата 69 миллиард сумду түзгөн.

XS
SM
MD
LG