Ссылки доступа

Өзбекстан менен Казакстан Украинадагы жарандарын эвакуациялоого даярданууда


Өзбекстандын Киевдеги элчилиги Украинада өзгөчө абал режими киргизилгенине байланыштуу өлкөдөн чыгып кетүүнү каалаган өзбек жарандарын эвакуациялоо планын түзүүдө. Бул тууралуу дипломатиялык өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы кабарлады.

"Учурда Украинанын аба мейкиндиги жабык экенин эске алуу менен өлкөдөн чыгуунун маршруттары жана уча турган жер такталып жатат. Эвакуациянын ылайыктуу жолдоруна кызыкдар үчүнчү өлкөлөр менен макулдашкандан кийин кошумча маалыматтар берилет. Украинадан чыгып кеткиси келген жарандар элчиликтин электрондук дарегине паспорттогу маалыматтарын жөнөтүшсө болот", – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Казакстандын Украинадагы элчиси Дархан Калетаев да бул өлкөдөгү казак жарандарын эвакуациялоо боюнча иштер жүрүп жатканын билдирди.

— Азыр аэропорт издеп жатабыз. "Эйр Астананын" учагын кондурууга мүмкүнчүлук табуу керек. Беларус менен чек ара жабык. Жол Одесса аркылуу өткөндүктөн Молдовага баруу да кооптуу, ал жактарда согуш жүрүп жатат. Эң коопсуз багыт – бул Львов шаары. Жарандарга ошол жакка барууну сунуштайбыз. Андан ары аларды Польшага же Венгрияга чыгарып кетүүгө аракет кылабыз. Ал жарандардын европалык визалары жок, ошондуктан бизге кайсыл өлкө "жашыл коридор" бере турганына жараша болот. Азырынча план ушундай, — деди элчи.

Анын айтымында, Казакстандын Киевдеги элчилиги ишин улантууда, учурда ал жакта 30га жакын кызматкер иштеп жатат.

Мекеменин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө 2 миңге жакын казакстандык элчиликтин консулдук каттоосунда турат.

XS
SM
MD
LG