Ссылки доступа

Тоолуу Бадахшандын ички иштер башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалды


Милициянын генералы Шариф Назарзода Тажикстан Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тоолуу-Бадахшан автоном облусу боюнча башкармалыгынын башчысы болуп дайыдалды. Бул тууралуу 24-февралда тажик президентинин басма сөз кызматы кабарлады.

Назарзода буга чейин Душанбе шаардык ички иштер башкармалыгын жетектеп келген.

"Мындан тышкары президенттин макулдугу менен ИИМдин борбордук түзүмдөрүнүн, Хатлон облустук, Куляб шаардык, ошондой эле Хатлон облусундагы Жайхун, Вахш, Темурмалик жана Шахритус райондук ички иштер башкармалыктарынын жаңы башчылары дайындалды", - деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Шариф Назарзода ИИМдин Тоолуу-Бадахшан автоном облустук башкармалыгына жетекчи болуп бул аймакта абал чыңалып турган маалда дайындалды. Эки жумадан бери тажик укук коргоо органдары Хорог шаарында бадахшандыктардын лидерлеринин бири Мамадбокир Мамадбокировду кармоо боюнча атайын операция жүргүзөрү тууралуу кабар тарап жатат. Бийлик аны облустук билим берүү башкармалыгынын башчысын сабаган деп айыптап, андан өз каалоосу менен багынып берүүнү талап кылган. Мамадбокиров менен тарапташтары бул айыптоону четке кагып келишет.

Тоолуу Бадахшандагы кырдаал 2021-жылы ноябрдын аягында, күч түзүм кызматкерлеринин атайын операциясы маалында жергиликтүү тургун Гулбиддин Зиёбеков өлтүрүлгөндөн кийин курчуп кеткен. Аймактын жашоочулары Зиёбековду өлтүрүүгө күнөөлүү адамдарды жоопко тартуу талабы менен Хорог шаарында төрт күн нааразылык акциясын өткөрүшкөн. Алар бийлик жергиликтүү тургундун өлүмү боюнча адилеттүү тергөө жүргүзүүнү, акция катышуучуларын куугунтукка албоону жана аймактагы интернет байланышын калыбына келтирүүнү убада кылгандан кийин тарап кетишкен. Учурда жергиликтүү жашоочулар бийлик бул убадалардын бири да аткарбаганын билдирип жатышат.

XS
SM
MD
LG