Ссылки доступа

Орусияда согушка каршы акциялар учурунда 1700 киши кармалды (видео)


Бейшембиде Орусиянын ондогон шаарында Украина менен согушууга каршы нааразылык акциялар өттү. Митингге бийлик уруксат берген эмес. "ОВД-Инфо" бейөкмөт уюму билдиргендей, 24-февралда Орусиянын 53 шаарында 1700дөн ашык кишини полиция кармап кетти.

Уюм Москвада 900, Санкт-Петербургда 400 адам кармалганын маалымдады.

Москвадагы митингди чагылдырып жаткан "Свобода" радиосунун үч кабарчысы кармалды. Алардын бири кармоо учурунда тартылган видеону редакцияга жөнөтүүгө үлгүргөн. Видеодо кабарчы пресса өкүлү экенин айтып жатса да, полиция кармап баратканын көрүүгө болот. Журналистти тартип коргоочулар сүйрөп барып, автобуска салышкан.

Кармалгандар "Кунцево" ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, бир нече сааттан кийин адвокаттын кийлигишүүсү менен бошотулду. Акция учурунда башка ЖМК кызматкерлери да кармалганы айтылууда.

Задержания на антивоенной акции в Москве
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:00:36 0:00

Baza телеграм-каналы өз булактарына таянуу менен шаар полициясы чагым деп эсептелинген көрүнүштөрдүн баарына бөгөт коюу боюнча тапшырма алганын билдирди. Маселен, Украина желегин же курч антиаскердик билдирүүлөр жазылган плакаттарды көтөрүп жүргөндөр жазаланышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG