Комиссия 15-мартка чейин дагы беш медициналык окуу жайды текшерет. Министр Алымкадыр Бейшеналиев өлкөдөгү медициналык коллеждер да текшерилерин билдирди.
Буга чейин министр Алымкадыр Бейшеналиев саламаттык сактоо тармагын "реформалоонун" кийинки этабы - өлкөдөгү талапка жооп бербеген медициналык институттарды, факультеттерди лицензиясынан ажыратуу деп билдирген.
Ал Кыргызстанда жалпы медициналык 24 билим берүүчү окуу жай бар экенин, эгер 1-апрелге чейин алар профессордук-окутуучулар курамын жана клиникалык базасын талапка ылайык келтирбесе, лицензиясы алынарын белгилеген. Бейшеналиев жабылышы мүмкүн деген 17 медициналык окуу жайынын тизмесин жарыялаган болчу.
Кыргызстанда соңку жылдары ачылган медициналык окуу жайларда көбүнесе Пакистандан, Индиядан келген студенттер билим алат. Мындан сырткары коңшулаш Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандан келген студенттер да бар. Өлкөдө медициналык багытта 28 миңден ашык чет элдик жаран билим алат.