Ссылки доступа

Петр Сегрт: Тажикстандын милдети Азия Кубогунун финалдык бөлүгүнө чыгуу


Футбол боюнча Тажикстан курамасынын милдети Азия-2023 кубогунун финалдык бөлүгүнө жолдомо алуу. Бул тууралуу команданын машыктыруучу, хорватиялык адис Петр Сегрт билдирди.

Тажикстандын Футбол федерациясы маалымдагандай, Тажикстан «F» тайпасында Мьянма (8-июнь), Сингапур (11-июнь) жана Кыргызстан (14-июнь) менен беттешет. Мелдеш Бишкекте өтөт.

"Тажикстан курамасы Дүйнө чемпионаты-2022 тандоо турниринде Кыргызстан жана Мьянма командалары менен ойногон. Ошондуктан биздин тайпада белгилүү атаандаштар топтолду. Тандоо мелдештери командалардын бири үчүн да оңой болбойт. Биз бардык атаандаштарыбызды урматтап, июнда өтө турган тандоо оюндарына дыкат даярданышыбыз керек. Мен биздин командага ишенем. Учурда биздин бир гана милдетибиз бар – ал тандоо турнирине жакшы даярдануу жана Азия Кубогунун финалдык бөлүгүнө жолдомо алуу. Биз Тажикстандын тарыхында биринчи жолу Азия Кубогунун финалдык бөлүгүнө чыгабыз деп ишенем", –деди Петр Сегрт.

Буга чейин Иран, Түштүк Корея, Бириккен Араб Эмираттары, Сирия, Сауд Арабиясы, Жапония, Австралия, Оман, Вьетнам, Кытай жана Катар өлкөлөрү Азия-2023 кубогунун финалдык бөлүгүнө чыгышкан.

XS
SM
MD
LG