Ссылки доступа

Казакстандык коомдук ишмерлер украин элине дары-дармек чогулта башташты


Казакстандык коомдук ишмерлер Орусиянын Украинаны басып киришин айыптап, аскердик агрессияга кабылган өлкөгө көмөк иретинде дары-дармек чогулта башташты.

«Биз, бирдиктүү, көп улуттуу Казакстан калкы жакында эле коркунучтуу январь окуясын башыбыздан өткөрдүк, бүгүн Кремлдин Украинага каршы агрессиясына кооптонуу менен күбө болуп отурабыз. Украинанын бүтүндүгү менен эгемендиги – украин калкынын коргоого тийиш болгон укугу. Биз ушундай кол салуудан Казакстандын эгемендигин да коргоого тийиш экенибизге ишенебиз», - деди саясат таануучу Досым Сатпаев.

Кайрылууга укук коргоочу Бахытжан Торегожина, журналисттер Ермурат Бапи, Карлыгаш Еженова, «Казатомпромдун» мурдагы жетекчиси Мухтар Жакишев, сүрөтчү Сауле Сулейменова, бизнесмен Маргулан Сейсембаев, активисттер Арман Шураев, Тогжан Кожалиева жана башкалар кол коюшту.

Алар согуш дайыма адам курмандыктары жана талкалоо менен коштолорун белгилешти. Коомдук ишмерлер кайдыгер карабаган кишилерди дары-дармек жана башка медициналык каражаттарды чогултууга катышуу менен украин элин колдоого чакырышты.

Орусия Украинага 24-февралда кол салган. Андан бери Украинанын бир катар шаарларында куралдуу кармаш уланып жатат. Эки күн мурда Украинанын бийлиги 200дөй украин жараны курман болгонун билдирген.

Орусия бул чабуулун Украинанын "демилитаризациясын" көздөгөн "атайын аскердик операция" деп мүнөздөгөн. Расмий Киев жана Батыш өлкөлөрү Москванын кадамын ачык согуш жана агрессия деп сыпаттап жатышат.

Буга чейин Нур-Султан менен Алматыда Орусиянын Украинага кол салышына каршы акциялар өткөн. Алардын айрым катышуучулары кармалган.

Видео

Видео

 "Сен деп келген сапардан артка кайтпайм"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:31:12 0:00
XS
SM
MD
LG