«Польшанын тиешелүү ведомстволору Польшанын мамлекеттик чек арасынан Өзбекстан жарандарынын визасыз өтүшүнө макул болушту», – деп айтылат билдирүүдө.
Өзбекстан жарандары жанына паспорт жана башка документтерин алып жүрүшү керек.
Элчилик тизме түзүүдө аялдарга, балдарга, студенттерге жана улгайган кишилерге артыкчылык берилерин эскертти.
24-февралда Украинада 4300дөй өзбекстандык жаран бар экенин айтылган. Алардын тизмеси дагы такталууда.