Ссылки доступа

Алматыда бийликтен реформа талап кылган митинг өттү (видео)


Жекшемби, 27-февралда Алматыда каттоодон өтпөгөн “Эл тиреги” партиясы уюштурган митинг өтүп, катышуучулар бийликтен эки ай ичинде саясий реформа баштоону, жаңы саясий партияларды каттоодон өткөрүүнү талап кылышты.

Алар бийлик реформа жасабаса, январь окуялары кайталанышы мүмкүн экенин эскертишти.

Митингдин модератору, рэпер Жан Ахмадиев эл “Нур-Отандан” башка партия көрбөгөнүн билдирип, аны “Кур Отан” деп атады. Рэпер Токаевди “мырза” деп атоодон баш тартып, аны Казакстандагы кан төгүүгө айыптаган ыр айтты.

– Арам тамак депутаттардын ордуна чындап элди ойлогон кишилер келиши керек, – деди каттоодон өтпөгөн “Эл Тиреги” партиясынын төрагасы Нуржан Алтаев.

Ал январь окуяларында кармалгандарды кыйноону токтотууну, саясий туткундарды бошотууну талап кылды.

Коомдук ишмер Балташ Турсумбаев президент Токаевден мурдагы президент Нурсултан Назарбаев чыгарып кетти делген 200 млрд теңгени кайтарууну сурады.

Казакстанда партиялардын атаандаштыгын камсыздоо – коомчулуктун негизги талаптарынын бири. Буга чейин Акордо марттын ортосунда президент Касым-Жомарт Токаев саясий реформалардын топтомун сунуштай турганын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG