Ссылки доступа

Тажик аткаминери Косим Рохбар: швейцариялык банктагы эсебимди алдамчы ишкер ачкан


Косим Рохбар

Тажикстандын Согд облусунун мурдагы төрагасы, мурдагы айыл чарба министри Косим Рохбар швейцариялык банкта эсеби бар экенин тастыктады. Аткаминер эсеп Австрияда дарыланып жүргөндө кайсы бир бизнесмендин ортомчулугу менен ачылганын айтты.

Косим Рохбар акчанын басымдуу бөлүгү ага таандык эместигин белгиледи.

Косим Рохбар жергиликттүү “СССР” басылмасына берген маегинде: "Мен анда клиникада наркоздон кийинки абалда болчумун. Ал бизнесмен бир нече англис жана немис тилинде жазылган документтерди кол коюу үчүн алып келген. Мен документтерге анча маани бербестен эле кол коюп, паспортумдун көчүрмөсүн бергем. Клиникадагы чыгымдар менин эсебимден төлөнгөн”, - деди.

Өткөн аптада Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө борбору (OCCRP) Косим Рохбар (Косим Косимов) Credit Suisse банкында эсеп ачтырганын аныктаганын билдирген.

Иликтөөнүн авторлорунун айтымында, Рохбардын эсебинде 2004-жылдан 2011-жылга чейин 10 миллион долларга чукул акча турган.

Косим Рахбар 1997-жылы апрелде Хоженттеги терактта президент Эмомали Рахмон менен бирге жарадар болгонун, ошондон кийин бир нече жолу чет өлкөлөргө, анын ичинде Австрияга дарыланууга барганын маалымдады. Чиновниктин айтымында, европалык клиникалар бейтаптарды банк эсеби жок кабыл алган эмес. Ал Согд облусуна инвестиция жасаган чет өлкөлүк бизнесмендин жардамы менен эсеп ачкан. Рохбар ал ишкер азыр эл аралык издөөдө экенин белгилеп, ысымын айткан жок.

Косим Рохбар банк эсеби активдүү экенин 2007-жылы гана билгенин, бул эсеп менен эч кандай которууларды жүргүзбөгөнүн билдирди.

OCCRP иликтөөчүлөрү швейцариялык банктагы каражат Косим Рохбарга гана таандык экенин, андан башка эч кимдин бул эсеп аркылуу операция жүргүзүүгө укугу жоктунун белгилешүүдө.

Мыйзамга ылайык, тажикстандык аткаминерлерге чет жактагы банктардан эсеп ачууга жана мүлк сатып алууга тыюу салынган.

2006-жылы WikiLeaks сайты жарыялаган америкалык дипломаттардын сүйлөшүүлөрүндө Косим Рохбардун агасы Согд облусундагы “Indigo Cellular” мобилдик байланыш компаниясынын тең кожоюну экени айтылган.

OCCRPнин иликтөөчү журналисттери белгилегендей, Рохбар тажик президенти Эмомали Рахмонго жакын аткаминер, көп жылдар бою өлкөнүн негизги экспорттук товары болгон пахта соодасын көзөмөлдөгөн.

Косим Рохбар (Косим Косимов) 58 жашта. Быйыл жыл башында Гиссар шаарынын мэри болуп дайындалган. Ага чейин тажик президентине караштуу Тажикстандын жергиликтүү өнүгүү комитетинин төрагасы болуп иштеген. 2008-жылдан 2015-жылга чейин Айыл чарба министрлигин жетектеген.

Видео

Видео

 Элдик таланттарга шык берген амфитеатр
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:05:41 0:00
XS
SM
MD
LG