Ссылки доступа

Москва менен Киевдин сүйлөшүүсү бүгүн украин-беларус чек арасында өтөт


Орусия менен Украинанын делегацияларынын сүйлөшүүсү беларус-украин чек арасындагы Гомель облусунда өтөт. Сүйлөшүүлөрдүн башталганы жөнүндө расмий маалымат азырынча жок.

Украина менен сүйлөшүү үчүн Беларуска жөнөтүлгөн орус делегациясынын башчысы Владимир Мединский менен Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков украин делегациясы сүйлөшүү үчүн Гомель облусуна барууга макул болгонун билдиришти. Украина президентинин кеңсеси сүйлөшүүлөр украин-беларус чек арасындагы Припять дарыясына жакын жерде өтөрүн кабарлады. Александр Лукашенко Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефондо сүйлөшкөндө коопсуздукту камсыздоого убада берген.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Москва менен Киевдин сүйлөшүү аянтчасы катары Варшава, Будапешт, Стамбул же Бакуну сунуштаган. Кийин ал Александр Лукашенко менен сүйлөшүп, орус тарап менен Гомелде жолугушууга макулдашкан.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба сүйлөшүүлөр учурунда Украина багынбай турганын жана жерин бербестигин билдирди.

Орусия Украинага чабуулун 24-февралдын таңында баштаган. Москва Украинанын "демилитаризациясын" көздөй турганын, Киевдин НАТОго мүчө болушуна каршы экенин билдирип жатат. Украин бийлиги Орусиянын кол салышын ачык эле согуш деп мүнөздөөдө.

27-февралда Владимир Путин Орусиянын өзөктүк ооздуктоочу күчтөрүн өзгөчө режимдеги нөөмөткө өткөрүү буйругун берген.

XS
SM
MD
LG