Ссылки доступа

Украинадагы казакстандыктарды эвакуациялоо үчүн Польшага алгачкы учак жөнөтүлдү


Украинадагы казак жарандарын эвакуациялоо үчүн Атырау шаарынан Польшанын Катовице шаарына "Эйр Астана" авиакомпаниясынын алгачкы учагы жөнөтүлдү. Бул тууралуу Казакстандын Жарандык авиация комитети кабарлады.

"179 орундуу А321 учагы 28-февраль күнү эртең менен учуп кетти. Казакстанды көздөй кайра Катовице убактысы боюнча саат 10:30да чыгат деп күтүлүүдө", — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Жарандык авиация комитетинен белгилешкендей, казакстандыктарды эвакуациялоо боюнча экинчи каттам 1-мартта аткарылат деп пландалууда.

25-февралда Казакстандын Украинадагы элчиси Дархан Калетаев казак жарандарын эвакуациялоо каттамдарын 26-февралда аткаруу боюнча "Эйр Астана" авиакомпаниясы менен макулдашылганын билдирген. Бирок кийинчерээк казакстандыктар бараткан транспорт украин-польша чек арасында тыгынга кабылып, каттам кийинкиге жылдырылганы белгилүү болгон.

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, 28-февралда Киевдеги дипломатиялык өкүлчүлүктүн алдынан Львов шаарына 50 орундуу дагы бир автобус каттамы уюштурулат.

27-февралга карата Казакстандын элчилигине Украинадан эвакуациялоо өтүнүчү менен 630дан ашык казак жараны кайрылганы белгилүү болгон. Жалпысынан Украинада 1,5 миңден ашык казакстандык туруктуу же убактылуу консулдук каттоодо турат.

XS
SM
MD
LG