Ссылки доступа

Өзбекстан Украина маселесинде "бейтарап позицияда" экенин билдирди


Шавкат Мирзиёевдин басма сөз катчысы Шерзод Асадов Өзбекстан менен Орусия лидерлеринин телефондук сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы боюнча комментарий берип, өлкө Украина маселесинде "бейтарап позицияда" экенин билдирди.

Буга чейин Орусия президентинин маалымат кызматы Владимир Путин менен Шавкат Мирзиёевдин 25-февралдагы телефондук сүйлөшүүсү учурунда Өзбекстандын башчысы орус тараптын аракеттерин түшүнүү менен кабыл алганын билдирген.

Шерзод Асадов президенттер эки тараптуу актуалдуу маселелерден тышкары Украинанын айланасындагы абалды да талкуулашканын белгиледи.

"Орусия президенти биздин өлкө башчыны атайын операция жөнүндө чечим кабыл алуунун себептери жана жагдайлары тууралуу кабардар кылган. Өз кезегинде Өзбекстандын лидери абалды жөнгө салуу жана мындан аркы эскалацияга жол бербөө үчүн тараптар тез арада өз ара жол табарынан үмүт арткан. Биздин өлкө Орусия сыяктуу эле Украина менен да тыгыз, достук мамиледе. Биз чөлкөмдө тынчтык, туруктуулук жана өнүгүүнүн камсыздалышына кызыкдарбыз. Талаш-тартыш жана пикир келишпестиктер эл аралык укук нормаларынын негизинде гана чечилиши керек", – деди Асадов.

Орусия 24-февралда Украинага чабуул жасап, басып кирген. Беш күндөн бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда.

XS
SM
MD
LG