Маалыматка караганда, бажы кызматкерлери "Жило" аттуу зер дүкөнүнүн ээси менен келишип алып, өлкөгө аткезчилик товар алып кирүүгө көмөктөшкөн деп айыпталууда. Алардын жетекчиси Пулод Шариф кызматтык милдеттерине шалаакы мамиле кылганы үчүн иштен алынды.
23-февралда Шариф "Озоди" радиосуна берген маегинде кызматтан өз каалоосу менен кеткенин билдирген. "Менин кызматтан кетишимдин алтын аткезчилигине эч кандай байланышы жок. Мен бул жерде төрт жыл иштегенден кийин өз каалоом менен кетүүнү чечтим", — деген ал.
Буга чейин тажик бийлиги Душанбедеги "Жило" аттуу зер дүкөнүнүн ээси Гүлнора Турсунбаева Стамбулдан учуп келери менен 9 килограмм алтын аткезчилигине байланыштуу кармалганын билдирген. Маалыматка караганда, ал чет өлкөдөн алып келген 9 кг 300 грамм алтындын төрт гана килограммын декларациялап, калганын аткезчилик жол менен алып өтүүгө аракет кылган. Дүкөндүн ээси менен чогуу бажы декларациясына зер буюмдардын салмагын жана санын азайтып жазган Ашраф Назримадов аттуу бажы кызматкери да кармалган.
Тажикстандын Транспорт прокуратурасындагы өз булак бул иш боюнча тергөө иштери уланып жатканын билдирди.
Өткөн жылы үч тажик бажычысы Ооганстандан Тажикстанга 90 килограмм алтынды жана 15 миллион долларды аткезчилик жол менен өткөрүү ишине байланыштуу кармалган. Апрель айында Душанбе шаардык соту бул иш боюнча айыптоо өкүмүн чыгарып, тогуз киши, анын ичинде үч бажы кызматкери эки жылдан беш жарым жылга чейинки мөөнөттөргө соттолушкан.