Ссылки доступа

Ташкентте 75теги пенсионер үйүндө оппозициянын жыйынын өткөргөнү үчүн 125 доллар айып пулга жыгылды


Ташкент шаарынын Мирзо-Улугбек райондук соту 75 жаштагы оппозиционер Вазира Эгамбердиевага беш базалык эсептик көрсөткүч өлчөмүндө (125 доллар) айып пул салды.

Ал "Уруксат берилбеген жыйындарды, митингдерди, көчө жүрүштөрүн жана демонстрацияларды өткөрүүгө шарт түзүү" беренеси боюнча административдик жоопкерчиликке тартылды.

Сот жараяны онлайн режимде өттү.

Сотто Вазира Эгамбердиева 19-январда анын үйүндө ондой активист чогулуп, Казакстандагы соңку окуяларды жана Өзбекстандагы социалдык-экономикалык абалды талкуулашканын айтты.

Ага каршы административдик иш козгоого кошуналарынын кайрылуусу себеп болгон.

Вазира Эгамбердиева ага белгиленген айып пулду президент төлөшү керек экенин билдирди.

– Сот мага беш базалык эсептик көрсөткүчүндө айып пул белгиледи. Мен аны президенттин төлөшүн талап кылдым. Себеби мурда ал жогорку трибунадан оппозициялык партия өлкөнүн ичинде түзүлүшү керектигин айткан. Анын кебине таасирленүү менен ошондой партияны түзүүгө катыштым. Эч ким партиянын жыйыны үчүн жер берген жок, мен бердим, ошол себептен мага айып пул салышты. Ошондуктан менин ордума айып пулду президент төлөшү керек!, – деди Эгамбердиева.

Вазира Эгамбердиева кесиби боюнча педогог. Өлкө эгемендүүлүккө ээ болгон жылдары ал "Томирис" аялдар клубун жетектеген.

2020-жылга чейин "Эзгулик" укук коргоо уюмунун Ташкенттеги бөлүмүнүн активисти болгон. Андан соң ал профессор Хидирназар Аллакулов түзгөн жаңы оппозициялык партияга кошулган.

XS
SM
MD
LG