Ссылки доступа

Украинанын Кыргызстандагы элчиси президенттик администрациянын жетекчилери менен жолугууга ниеттенүүдө


Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко Украинадагы окуяларга байланыштуу президенттик администрациянын жетекчилеринин бири менен жолугушууга ниеттенип жатканын билдирди.

"Буга чейин Кыргызстандын тышкы иштер министри менен жолугуп, Орусиянын кол салуусунун саясий жана эл аралык кеспеттери жөнүндө айтып, Кыргызстандан колдоо сурагам. Реакция кандай болгонун Кыргызстан ТИМинин сайтынан окуп алсаңар болот. Мындан тышкары Европа өлкөлөрүнүн Кыргызстандагы элчилери, Европа Биримдигинин Борбор Азия өлкөлөрү боюнча координатору менен жолуккам. Ал ошол маалда президент Садыр Жапаров менен жолукканы жатканын айтты. Мен маалыматтарымды ага жеткирип коюуну өтүндүм. Ушул жумада ТИМде дагы жолугушуу өткөрүү пландалууда. Мындан тышканы акыркы окуялар тууралуу жеке айтып берүү үчүн президенттик администрациянын жетекчилеринин бири менен жолугушууга ниеттенип жатам. Окуялар тездик менен өзгөрүп, жалган маалыматтар көп болууда. Ошондуктан туура, жок дегенде альтернативдүү маалыматты жеткирүүнү маанилүү деп эсептейм", — деди Жовтенко.

Элчи ошондой эле Кыргызстан менен Украинанын ортосундагы экономикалык мамилелерди өнүктүрүү боюнча пландары жөнүндө айтып, согуштук аракеттер аяктагандан кийин бул пландар ишке аша баштайт деген үмүтүн билдирди.

Орусиянын Украинага кол салуусу беш күндөн бери уланууда. Өлкөнүн түндүк, чыгыш жана түштүк бөлүктөрүндө орус жана украин аскерлеринин ортосунда айыгышкан салгылашуулар жүрүп жатат. Түнкүсүн Украинанын ири шаарлары аткыланууда.

XS
SM
MD
LG