Ссылки доступа

Киевдеги 107 кыргызстандык Венгрияга чыгып кетти


28-февралда Украинанын борбору Киевден 107 кыргызстандык, арасында 34 бала Венгрияга чыгып кеткенин элчи Идрис Кадыркулов "Азаттыкка" билдирди. Автобустарды элчилик уюштурду.

Украинанын үч шаарында (Киев, Харьков, Одесса, Львов) кыргызстандык жарандарды убактылуу кабыл алчу жай ачылган.

Кыргызстандыктар Украинанын батышындагы Польша, Румыния, Словакия жана Венгрия аркылуу эвакуацияланат.

Орусия 24-февралда Украинага чабуул жасап, басып кирди. Беш күндөн бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда. Эң катуу чабуул Киевге жасалды.

Ушу тапта Беларустун Гомел шаарында Украина менен Орусиянын делегацияларынын сүйлөшүүсү башталды.

XS
SM
MD
LG