Ссылки доступа

Токаев түзгөн фонд январь окуяларында 29 жайкын тургун кокустан каза болгонун билдирди


"Казакстан калкына" фонду январь окуялары маалында каза болгон жана оор жаракат алган күч түзүм кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө, ошондой эле кокустан жаракат алган жана курман болгон жарандык адамдардын жакындарына материалдык жардам бериле турганын билдирди.

Фонд Казакстандын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Эльвира Азимова менен балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Аружан Саинге таянып, январь окуяларында 29 жарандык адам кокустан каза болсо, дагы үч бала көз жумуп, төртөө жаракат алганын билдирди.

"Фонд январь окуялары маалында кокустан каза болгондордун бардыгынын жакындарына материалдык жардам берет деген чечим кабыл алдык. Биз компетенттүү органдар менен иш алып барып, алар чынында эле кокустан каза болгон адамдар экенин аныктагандан кийин гана жакындарын таап, жардам көрсөтөбүз. Тергөө иштеринин аягына чыгышын күтпөстөн азыр эле жардам берүүнү чечтик", - деди фонддун төрагасы Болат Жамишев.

"Казакстан калкына" фондунун билдирүүсүнө ылайык, январь окуяларында каза болгон ар бир аскердин жана жай тургундун үй-бүлөсүнө 7 миллион теңге (28-февралдагы курс боюнча 14,1 миң доллар) өлчөмүндө материалдык жардам берилет. Мындан тышкары оор жаракат алган күч түзүм кызматкерлери жана жарадар болгон балдардын ар биринин үй-бүлөсү үч миллион теңгеден алышат.

Жардам көрсөтүү маселелери боюнча эксперттик комитеттин мүчөсү Каирбек Сулейменов январь окуялары учурунда кокустан каза болгондордун саны 100гө жакын болушу мүмкүн деп болжолдоп жатканын билдирди.

"Казакстан калкына" фондунун билдирүүсүнө ылайык, январда укук коргоо органдарынын 21 кызматкери каза болуп, 94ү оор жаракат алган. Ошол эле маалда фонд жай тургундардын арасындагы курмандыктар жөнүндө эч кандай маалымат берген жок.

Расмий маалыматтарга ылайык, январь окуялары маалында бери дегенде эле 227 киши каза болгон. Бийлик укук коргоочулардын бир канча жолку чакырыктарына карабастан, алардын аты-жөнүн жана кандай шартта өлгөнү тууралуу маалыматтарды жарыялоодон баш тарткан.

Январь окуялары маалында жана андан кийин Казакстанда миңдеген адам кармалып, алардын ичинен жүздөгөн киши терроризм, массалык башаламандык уюштуруу жана курал-жарак уурдоо сыяктуу айыптар менен камакка алынган. Кармалгандардын көбү камакта кыйноого алынганын айтып даттанышкан. Бийлик укук коргоочулардын январь окуялары боюнча эл аралык иликтөө жүргүзүү чакырыктарын четке каккан.

13-февралда президент Касым-Жомарт Токаев "Казакстан калкына" фонду январь окуяларында каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө каржылай жардам бере турганын билдирген. Фондду өлкөнүн мурдагы каржы министри Болат Жамишев жетектейт. Анын камкорчулар кеңеши 12 адамдан турат. Айрым ишкерлер бул фонд байлардын мурдагы бийликтин тушунда топтоп алган байлыктарын эл алдында легалдаштыруу үчүн түзүлгөн болушу мүмкүн деген божомолдорун айтып келишет.

XS
SM
MD
LG