Ссылки доступа

Өзбекстанда коронавирус жуктургандар азаюуда


Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, өткөн ишембиде вирус 125 кишиден аныкталса, жекшемби күнү 106 кишиден COVID-19 табылды.

Муну менен коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери Өзбекстанда COVID-19 жуктургандардын жалпы саны 236,4 миңге жетти.

Жекшемби күнү коронавирустан эки, ишембиде үч киши каза болгону кабарланды. Жалпы өлкө боюнча вирустан көз жумгандардын саны 1635ке жетти.

XS
SM
MD
LG