Ссылки доступа

Зеленский Украинанын Евробиримдикке кирүүсү тууралуу арызга кол койду


Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөнүн Европа Биримдигине (ЕБ) мүчө болуп кирүүсү тууралуу арызына кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчысы өзү "Телеграм-каналына" жазып, кол коюу жараянынын жана документтин сүрөтүн жарыялады.

Арыз Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйенге жазылды. Ал качан каралары жана өлкө уюмга качан кирери белгисиз. Мурдараак өлкөнүн премьер-министри Денис Шмыгал Украина уюмга атайын тартип менен кирерин билдирген.

Мунун алдында Зеленский видео кайрылуу менен чыгып, Европа Биримдигин "кечиктирилгис процедуранын негизинде" Украинаны кошуп алуусун өтүнгөн. Ал украин армиясы өз жери үчүн эле эмес, жалпы Европа үчүн согушуп жатканын белгилеп, "уюмга кошулууга татыктуу" экенин белгилеген.

Орус президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирди. Беш күндөн бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң чоң чабуулдар Киевде жасалды.

Украиналык маалымат каражаттары Орусиянын аскердик кол салуусунан 352 украиналык жайкын тургун каза болгонун, алардын үчөө жаш балдар экенин жазды. Окуянын алгачкы күнү Киев 137 аскери курман болгонун маалымдаган, андан кийинки жагдай азырынча белгисиз.

Мунун алдында Украинанын Коргоо министрлиги Орусиянын армиясынын жоготуулары 5300 жоокерди түзөрүн маалымдаган. Бул категориянын ичинде өлгөндөр, колго түшкөндөр, жарадарлар кошо санала турганы кабарланган.

Орусия өлгөн же жараат алган аскерлери бар экенин моюнуна алганы менен алардын санын айта элек. Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын 1000ге жакын аскердик объектисин талкалаганын гана маалымдады.

XS
SM
MD
LG