Орусиянын кол салуусуна чейин кондитер азыктарын алып келүү үчүн Украинага барган актөбөлүк Олег Броммер Киевден 30 чакырым алыстыкта турганын билдирди. Анын жанында Орол шаарынан барган дагы бир жүш ташуучу бар.
— Бир нече күндөн бери тиешелүү органдардан жардам сурап, видеокайрылууларды жасап жатабыз. Эч кандай реакция жок. Мамлекет бизди унутуп калгандай, — деди Броммер.
Согуш жүрүп жаткан аймактарда (Дубно жана Пирятин шаарлары) Актөбө облусунан барган бери дегенде эле 11 жүк ташуучу унаа бар. Алардын экөө "БекАс" компаниясына таандык.
— Биз айдоочулар менен дайыма байланыштабыз. Пирятин шаарында кырдаал туруктуу. Дубнодо абал курчуп жатат. Андагы дүкөндөрдө "армиянын керектөөсү үчүн запас болсун" деп, азык-түлүктөр чоочундарга сатылбай жатат, — деди "БекАс" компаниясынын башчысы Берик Жиенкулов.
Анын айтымында, Украинада согуш башталгандан бери Бажы жана башка кызматтардын иши токтогон. Буга байланыштуу жүк ташуучулар товарларын Бажынын текшерүүсүнөн өткөрө албай калышкан.
Жүк ташуучу унаалары Украинада калган беш компаниянын жетекчилери 28-февралда Актөбөдөгү ишкерлердин "Атамекен" улуттук палатасына жардам сурап кайрылышты. "Атамекендин" маалыматына караганда, казак бийлигинин бул маселе боюнча кабары бар. Палатанын өкүлдөрү "жашыл коридор" уюштуруу боюнча Украина жана аны менен чектешкен өлкөлөр менен макулдашуу болоруна үмүттөнүп жатышканын билдиришти.
"Атамекендин" маалыматына караганда, бүгүнкү күнгө карата казак бийлигинен жардам күтүп жаткан 50 жүк ташуучунун аты-жөнү белгилүү. Айдоочулардын айтымында, алардын саны 50дөн да көп болушу мүмкүн. Мындан тышкары Украинада Кыргызстандан, Өзбекстандан да барган жүк ташуучулар бар.
Орусия Украинага 24-февралда басып кирген. Андан бери Украинанын түрдүү аймактарында, анын ичинде Киевден бир нече чакырым алыстыкта эки өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн салгылашуулары уланууда. Орус бийлиги "атайын операция" деп атап жаткан согуштук аракеттерден миңдеген киши курман болгону айтылууда. Азырынча эки тараптан каза болгондордун так саны белгисиз.
Казакстандын бийлиги Украинада калган казак жарандары үчүн Польша аркылуу эвакуациялык каттамдарды уюштурган. Мындай каттамдын алгачкысы 28-февраль күнү кечинде Алматы шаарына келип конгон.