Ссылки доступа

Сурамжылоо: жүздөгөн казакстандыктар Өзбекстандын чек арага жакын жерге АЭС курушуна каршы


Өзбекстан Казакстандын чек арасына жакын жерге атомдук электр станциясын курууга ниеттенип жатканы тууралуу маалымат тарагандан кийин казакстандык көз карандысыз экологдор коомчулуктун пикирин билүү үчүн интернет-сурамжылоо жүргүзүштү.

Анын жыйынтыгы чыкканын казакстандык эколог Дмитрий Калмыков билдирди.

Жарандарга 11 суроо берилген. Сурамжылоого жашы 18ден 75ке чейинки жүздөгөн киши катышкан.

Интернет-сурамжылоонун жыйынтыгы көрсөткөндөй, респонденттердин көбү Өзбекстан Казакстанга жакын жерде (50 чакырымдай) АЭС курууну пландап жатканын билген эмес.

Катышуучулардын 90 пайызы Казакстан чек арасына жакын жерде атомдук электр станциясынын курулушуна каршы чыгышкан, калгандары бул идеаны колдошкон. Респонденттердин 90 пайыздан ашыгыраагы Өзбекстан өзүнүн атомдук станциясынын коопсуздугуна кепилдик бере албайт деп эсептешет. Интернет-сурамжылоого катышкандардын көпчүлүк бөлүгү бул боюнча жалпы элдик референдум өткөрүүнү кубаттап, ал ишке ашса АЭСтин курулушуна "каршы" добуш беришерин билдиришти. Ошол эле маалда респонденттердин 11 пайыздан ашууну долбоорго "макул" деген добуш беришмек.

Коңшу өлкөдө АЭСтин курулушу Казакстан үчүн пайдалуубу деген суроого сурамжылоого алынгандардын жарымынан ашыгы "жок" деп жооп кайтарган. Өзбекстан атомдук станция курардан мурун Казакстандын пикирин эске алышы керекпи деген соболго көбү "ооба" деген, ошол эле учурда "милдеттүү эмес" дегендер да болгон. Жалпысынан респонденттердин 18 пайызы атомдук энергетиканын өнүгүшүн колдойт, 62 пайыздан ашыгы колдобойт жана 19 пайыздан көбү "бул жөнүндө ойлонуп көрбөгөнүн" айткан.

Буга чейин "Караганды облустук экологиялык музейдин" экологдору ушундай эле сурамжылоону Чымкент шаарында жана Түркстан облусуна караштуу Жетысай, Мактаарал, Сарыагаш, Шардарин райондорунда жүрүзүшкөн. Бул Өзбекстан менен чектеш аймактар. Сурамжылоого катышкандардын 70 пайызы Өзбекстан АЭС курганы жатканын укпаганын айтышкан. Дээрлик 90 пайызы атомдук станциянын салынышына каршы чыгышкан. Респонденттердин 92 пайызы Өзбекстан бул маселени Казакстан менен талкуулашы керек деп эсептешет.

Экологдор эл арасында жана интернетте жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыктарын өкмөткө жана президенттин администрациясына жөнөтүүнү пландоодо.

Буга чейин Орусиянын "Росатом" мамлекеттик корпорациясы Өзбекстанда атомдук электр станциянын (АЭС) курулушун баштоо планын ырастаган.

XS
SM
MD
LG