Британиялык юрист Хан күбө-далилдерди чогултуу мүмкүндүктөрүн иликтөө боюнча командасына буйрук бергенин кошумчалады.
Буга чейин Литва Гаага сотунан Орусия менен Беларустун Украинадагы ыктымал аскердик кылмыштарын иликтөөнү баштоого чакырган. Өлкөнүн премьер-министри Ингрида Шимоните: "Путиндин жасаганы – киши өлтүрүүдөн башка эч нерсе эмес жана ал Гаагада болот деп үмүттөнөм", - деген.
Бул арада Орусия чабуул учурунда, анын ичинде Харьковдогу турак жайларды бомбалоодо авиациялык миналар же майда бомбалар толтурулган курал колдонгонун тастыктаган далилдердин саны көбөйүүдө.