Ссылки доступа

Украинага өзбекстандык мигранттар жалданып барууда


Өткөн жумада соцтармактарга Донбасста жүргөн өзбекстандык жарандын видеокайрылуусу жарыяланган. Видеодо ал Украинанын чыгышына орус армиясынын жүк унаасы менен барганын айткан.

Аты-жөнүн айткысы келбеген жаран "Озодлик" радиосунун журналисти менен сүйлөшүп, Луганск шаарына Орусиянын Коргоо министрлигинин жүк унаасы менен барганын ырастады. Ал мекеме менен үч айга келишим түзүп, айдоочу болуп иштөөгө макул болгонун билдирди. Анын айтымында, айына 50 миң рублден төлөнө турган бул жумушту өзбек мигранттарынын арасында популярдуу болуп эсептелген UzMigrant сайтынан тапкан.

Азырынча Өзбекстандын расмий органдары ферганалык айдоочунун Луганск шаарынан жасаган видеокайрылуусу боюнча эч кандай комментарий бере элек.

Өзбекстандын Орусиядагы элчилигинен азырынча аталган айдоочу тууралуу маалымат жок экенин, бирок ал жарандын тек-жайын аныктоо боюнча иштер жүрүп жатканын билдиришти.

Ал ортодо Өзбекстандын Тышкы эмгек миграциясы боюнча агенттиги социалдык түйүндөр аркылуу өзбек жарандарына кайрылып, аларды Украинадагы согуштук аракеттерге катышпоо чакырып, бул үчүн кылмыш жоопкерчилиги бар экенин эскертүүдө.

Аты-жөнүн айткысы келбеген Орусиядагы өзбек блогери UzMigrant сайтына тиешеси бар NotrhJobs компаниясы өзбекстандыктарды келишим боюнча аскердик кызматка алуу менен алектенип жатканын билдирди. Блогердин айтымында, NotrhJobs өзбек мигранттарынын арасында Орусияда жумуш табууга көмөктөшкөн, иш берүүчүлөр менен мигранттарга юридикалык жардам берген компания катары белгилүү.

UzMigrant сайты менен NotrhJobs компаниясы акыркы жылдары Орусияда жашап жүргөн өзбекстандык юрист Бахром Исмаиловго таандык. Буга чейин ал Youtube каналындагы кайрылуусунда келишимдик негизде орус армиясында кызмат өтөгөн чет өлкөлүктөр үч айдын ичинде Орусиянын жарандыгын алса болорун айткан. Бул билдирүүдөн кийин мигранттардын арасында аталган компания өзбекстандыктарга айына 500-600 долларлык айлык убадалап, айдоочу, аскердик техниканы тейлөөчү сыяктуу жумуштарга жалдап жатканы тууралуу маалыматтар тараган.

Бирок "Озодлик" менен сүйлөшкөн Бахром Исмаилов бул маалыматтарды четке какты.

– Мындай маалыматтар туура эмес. UzMigrant – бул укуктук-маалыматтык кызмат. Биз Өзбекстандын жарандарына Орусияда кабыл алынып жаткан жаңы мыйзамдар тууралуу маалымат берип, бул өлкөнүн жарандыгын алуу же туруктуу жашап турууга укук алуу сыяктуу маселелерде юридикалык жардам көрсөтөбүз. Биз Украинадагы согуштук аракеттерге эч кимди жалдаган жокпуз. Эч кандай аскердик же жарым аскердик түзүмдөр менен кызматташпайбыз", — деди Исмаилов.

Ошол эле маалда ал Украинанын чыгышында орус тарапта да, украин тарапта да согушуп жүргөн өзбекстандыктар тууралуу ырасталбаган маалыматтар бар экенин кошумчалады.

Өзбекстандын мыйзамдары жарандарга чет өлкөнүн куралдуу күчтөрүндө келишимдик негизде кызмат өтөөгө же жалданма аскер болууга тыюу салат. Бул үчүн Кылмыш кодексинде үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу жазасы каралган.

XS
SM
MD
LG