Ссылки доступа

Токаев: Казакстан орус-украин сүйлөшүүлөрү үчүн ортомчу болууга даяр


Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Украинадагы абал боюнча биринчи жолу өз пикирин билдирди. Казак лидери кырдаалды тынч жол менен жайгарууга көмөктөшүүгө, зарыл болсо ортомчу болууга даяр экенин айтты.

— Минск келишими кагаз жүзүндө калды, бул болсо Украина аймагындагы аскердик аракеттерге алып келди. Геосаясий абал мурун-кийин болуп көрбөгөндөй курчуду. Ошондуктан биз эки мамлекетти тең сүйлөшүү аркылуу тил табышууга, келишимге келүүгө чакырабыз. Башка жол жок. Жакшы чырдан начар тынчтык артык. Бейкутчулуксуз өнүгүү мүмкүн эмес. Казакстан көмөк көрсөтүүгө, анын ичинде зарыл болсо ортомчулук кылууга даяр, — деди Токаев.

25-февралда Касым-Жомарт Токаев Нур-Султанда Евразиялык экономикалык биримдиктин өкмөт башчылары менен жолугушуу учурунда геосаясий чыңалуу күчөп турган маалда бирдиктүү экономикалык чараларды иштеп чыгууну сунуштаган. Ал санкциялык жаңжалдын кесепеттери ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикасына жана каржы системасына терс таасирин тийгизерин айтып, бирок Украинадагы согуш тууралуу кеп козгогон эмес.

Орусия 24-февралда Украинага чабуул жасады. Ошондон бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда.

XS
SM
MD
LG