Ссылки доступа

Соңку эки күндө Өзбекстан Украинадан 762 жаранын эвакуациялады


Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Украинадан эвакуацияланган өзбекстандык жарандар 1-мартта түштөн кийин Польшанын Катовице шаарынан Ташкентке учуп кеткенин билдирди.

Учакта 253 Өзбекстан жараны – 68 аял, 54 бала жана 12 ымыркай бар.

Муну менен Польша аркылуу Украина аймагынан чыгарылып кеткен Өзбекстан жарандарынын саны 762 кишини түздү. Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги каттамдар дагы уюштуруларын кабарлады.

Бул арада «Корчова» көзөмөл-өткөрмө бекетине Өзбекстандын жарандары келип жатат. ТИМ өкүлү алар да жакын арада мекенине кайтарыларын айтты.

XS
SM
MD
LG